Site icon Reporter.kg

Машыктыруучулук ишти таштап, милиционер болгон Зулпудин Аширов

Зулпудин Аширов 2004-жылдан бери ички иштер органдарында иштейт. Учурда ал 50 жашка келип, Баткендин Лейлек РИИБинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт. Зулпудин Аширов Лейлек районунун Агартуу айылында (азыркы Ак-Босого) төрөлүп, азыркы тапта Раззаков шаарында жашайт. Эки уул жана эки кыздын атасы.

Ал 1-ноябрь — Милиция кызматкелеринин майрамына карата Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы маек куруп, ички иштер органдарына кантип келип калганы, кесиби тууралуу айтып берген.

Милициянын катарына кантип келген?

Мен алгач Лейлек районунда каратэ-до боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүрдүм. Райондогу иш-чараларда бел күрөш боюнча мелдештерге көп катышып, бир катар байгелердин ээси болгом. 2004-жылы 21-мартта Нооруз майрамында Лейлек районундагы стадиондо майрам болуп, майрамдан соң күрөш болду. Ошондо 110 килограммдык атаандашым менен беттешке чыгып, аны бат эле жеңип койдум. Стадион толо эл сүрөп, мени колдоп турду. Күрөштүн финалындагы жеңүүчүгө баш байге катары 8 сотых жер коюлган. Өзүм да ал байгени утуп алам деп ойлогон эмесмин. Ошентип ошол байге меники болду.

Анын эртеси эле тааныштарым мени Лейлек райондук милициянын башчысы чакырып жатат деп калды. Бир нерседен адашып, мыйзам бузуп койдумбу деп милиция бөлүмүнө чоочулап бардым. Бөлүмдүн начальниги жаш жигит экен, аты-жөнүн айтты. Бакыт Матмусаев экен. Ал иш бөлмөсүнөн мени жайдары карап, элпек күтүп алды. Ошондо да «эмнеге чакырды экен?» деп сестенип турдум. Ал ал-жайымды сураган соң, «милицияга эле жумушка кирбейсизби, бизге сиздей спортту сүйгөн кызматкерлер керек» деди. Мен сүрдөгөнүмдөнбү, жок дей албай, дароо макулмун деп жооп бердим. Ошентип 2004-жылы 31 жашымда Кыргызстандын ички иштер органдарына кабыл алынып, коштоп жүрүү кызматында бир топ жыл иштедим. Кийин ушул эле бөлүмдө нөөмөтчү болуп, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, аймактык тескөөчү болуп кызмат өтөдүм. 2013-2015-жылдары Баткен районунун Ак-Сай айылдык милиция бөлүмчөсүндө аймактык тескөөчү болуп иштеген кезимде чек арада эки элдин ортосунда тынбай чыр-чатактар көп болчу. Алардын айрымдары гана коомчулукка билинип дүң этсе, көбүн эсе коңшулаш кесиптештерибиз менен ич ара сүйлөшүп чечип койчубуз.

Азыр күрөш боюнча мелдештерге катышабы?

Үй-бүлөм менен азыркы учурда баягы күрөштөн утуп алган жерге үй салып, Раззаков шаарында жашайм. Балдарым дагы, кыздарым дагы милиция кесибине кызыккан жок. Алар өз жолдорун тандап кетти. Алардын оюн сыйлап, кызыккан тармактарына окуттум. Өзүм болсо милицияда иштеп жүрсөм да күрөш болгон жерлерге сөзсүз барып, майданга чыгып жүрдүм. Ал кесипти таштаганыма аз эле болду. Эми бизден кийинки жаштар күрөшсүн.

«Аялын бычактаган адам соттолуп, абактан чыккандан кийин көз жумду»

2012-жылдары экени эсимде. Ал кезде Исфана шаары болчу. Мен тейлеген аймакта чакыруу болуп, барсам, үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам, күйөөсү аялын уруп-сабап, анысы аз келгенсип бычактап салыптыр. Шашып-бушуп жетип барып, окуяны көрүп эле дароо тез жардам чакырдым. Аялы ооруканага жетпей каза болуп калды. Күйөөсү соттолуп кетип, жакында эле түрмөдөн чыгып, каза болуп калды. Муну менен эмнени айтайын дедим. Негизинен коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулуктар көп. Баары эле милиция чакырып, элге билингиси келбейт. Элет жеринде менталитет башка, эл намыстуу болушат. Качан гана аягы ушундай аянычтуу болгондору гана милицияга кабар берет. Ар бир инсандын аң-сезими пайда менен зыянды ажырата билмейинче, ошондой эле эмоциясын башкара алмайынча зомбулуктар боло берет деп ойлойм. Канчалаган чакырууларга чыгып, маселени жеринде чечтим. Милицияга ыраазы болгондор жок эмес. Милицияга нааразы болгондор булар мыйзам түрүндө жооп бергендер деп ойлойм. Анткени алар жасаган кылмышына жараша жооп берди да.

Аккордеондо ойноп, ыр созолонткон милициянын старшинасы Дамирбек (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version