Site icon Reporter.kg

Башаламандык учурунда уурдалган аскердик унаа Чүйдөн табылды

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда дайынсыз жоголгон аскердик унаа Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу активист Болот Темиров Facebook баракчасына жазды.

«Кайдыгер эмес жарандар азыр эле жоголуп кеткен аскердик унаанын Чүй облусунун айылдарынын бириндеги талаада турганын кабарлашты. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал жерге жөнөп кетишти”, – деп жазган ал.

Келип түшкөн маадыматтан кийин айтылган аймакка барган укук коргоо органдары унааны Ысык-Ата районунун Чолпон айылындагы талаадан тапкан. 12-октябрда издөө учурунда унаа аталган аймакта болгон эместиги айтылат Чүй милициясынын билдирүүсүндө.

Белгилей кестек,  бул аскердик унаа 6-октябрга караган түнү  Кыргыз драма театрынын жанынан уурдалган.

Exit mobile version