Массалык башаламандык уюштурууга шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облустук милициясы тарабынан массалык башаламандык уюштуруу максатында мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттерден турган топ аныкталган. Алар Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландап, дардык көрүп жатышканы тууралуу маалымат алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө аталган топтун активдүү мүчөсү катары “Темиш” жана “Ойгон Кыргыз” каймана аттары бар 44 жаштагы Ш.Э.К. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, УКМК буга чейин жогорудагы кылмыштуу топко мүчө деген шек менен эки жаранды камакка алган. Анда кармалгандар жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү, Т.Куреновдун жана ошондой эле башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтышканы аныкталганы айтылган.