Чүйдө жана башка облустарда массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ аныкталган. Анын курамына мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер кирген. Алар массалык башаламандыктарды уюштурууну, ошондой эле Чүй облусунда жана башка аймактарда мыйзамсыз акцияларды өткөрүүнү көздөшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 47 жаштагы тургуну С.Ф. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. 12-апрелде ал убактылуу кармоочу жайга камалган.
Мындан тышкары бул кылмыш ишине тиешеси бар катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы М.О. аттуу тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал аркылуу жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын берүү жана акчаны мыйзамдаштыруу боюнча банктык операциялар жүргүзүлүп турган. Ошондой эле М.О. Т.Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган.