Site icon Reporter.kg

Материалдык резервдер фонду 300 миң ун кабын сатып алат

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ундун каптарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, 7,8 млн сомго 300 миң кап сатып алуу пландалып жатат. Ошондо 1 каптын баасы 26 сомдон болуп калат.

Сынак боюнча арыздар 6-октябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version