Site icon Reporter.kg

Видео — Матраимов 700 миллион доллар боюнча Финолдун жетекчисине эмне деп кыйкырды?

Жогорку Кеңештиги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Искендер Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка күрөшүү кызматынын  (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таировго ачууланып кыйкырды.

“Финолдун жетекчиси Азаттыкка жооп берип жатып, бир жеринде мындай сөзү бар экен, мен  айтып берейин. “21-ноябрда “Азаттык” радиосу, OCCRP жана «Kloop» маалымат агенттиги менен биргеликте иликтөө жарыялады.  Анда Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарлыгандыгы айтылат. Иликтөөдөгү негизги фигуранттардын бири кытайылк ишкер Айеркен Саймаити журналистке маалымат бергенден кийин бир нече ай өтпөй 10-ноябрда  киши колдуу болуп, ажал тапты. Ал журналистке бажыдагы коррупциялык иштерге Бажы кызматынын мурдагы орун басары  Райымбек Матраимовдун катыштыгы бар деп айтып берген. Алар сиздин сөзүңүздү жазып жатышат. Сиз ушуну тастыктай аласызбы!? Сиз 5-6 ай 700 миллон боюнча иликтөө жүргүздүңүз да бүгүн которулган акчалар тууралуу маалымат бердиңиз. 700 миллион доллардан 900 миллионго көбөйттүңүз. Ал акчалар каякка которулгандыгын да айттыңыз. Эми ушул сөзүңүздү кайталап айтып койсоңуз», — деди депутат.

Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров өз докладында мындай сөз болбогонун баса белгиледи. 

Андан соң Искендер Матраимов “Азаттыктын” журналисттерине да кайрылып өттү.

“Азаттыктын журналистери барсыңарбы? Маалыматты тактап берсеңер, коомчулукту чаташтарбай.  700 миллон боюнча элдин баары депутаттар да билет. Бирок билип туруп аны саясатка алмаштырып жатасыңар. Эмне үчүн аларга Бажы кызматынын жетекчилери жооп бербей орун басары жооп бериши керек?», — деди Матраимов.

Тактай кетсек “Азаттык” жана “Клооптун” биргелешкен иликтөөсүндөгү фактылар Бакир Таировго эмес Айеркен Саймаитинин сөзү менен баяндалат.

Exit mobile version