Site icon Reporter.kg

Матраимов, Мырзакматов ж.б. саясатчылар катышкан Атамбаевдин уулунун үлпөт тою — видео

Ош шаарындагы ресторандардын биринде мурдагы укук коргоо кызматкери, бизнесмен Жалил Атамбаевдин уулунун тою өтүүдө. Үлпөт тойдогу сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланды. 

Эки жашты куттуктаганы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Аида Касымалиева, ЖАМКнын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жана Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов жана башка атка минерлер барган.

Айрым маалыматтарга караганда карантиндик чектөөлөргө карабастан үлпөт тойго миңге чукул адам катышкан.

[su_image_carousel source=»media: 51628,51629″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version