Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгып кетти.
Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем”, — деген ал.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов депкомиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгышы керек экенин айткан.
Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун сунушунан кийин Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Ага ар бир фракциядан депуттар кирген, жалпысынан анын курамында 12 депутат бар.