Site icon Reporter.kg

Матраимов жалпы эсепке 1 млрд 223 млн сомдон ашык каражат которду

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары  Райымбек Матраимов жарыяланган экономикалык мунапыс боюнча ачылган эсепке 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрлик жалпы эсепке 1 миллиард 345 миллион сом түшкөнүн белгиледи.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

Exit mobile version