Матраимов журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча үн катты

Матраимов журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов  factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темировдун сабалышы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

“Азырынча анын сабалышы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт.

Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы келген аракет. Тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл”, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Болот Темировго бүгүн, 9-январда  Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен 3 адам кол салып,  күч колдонуу менен телефонун тартып алышкан. Ички иштер министрлиги «бул факты жетекчиликтин жеке көзөмөлүнө алынды» деп билдирген.

Factcheck.kg сайты Кыргызстандагы маалыматтардын чын-төгүнүн изилдеп келет. Басылма жакында эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык тармакка жүктөгөн аксессуарларынын баасын иликтеп чыккан. Мындан көп өтпөй анын сайты хаккердик чабуулга кабылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>