Матраимовдордун үч басылмага жазган арызы боюнча соттук кароо жаңы-жылдан кийин уланат

Матраимовдордун үч басылмага жазган арызы боюнча соттук кароо жаңы-жылдан кийин уланат

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “Азаттык”, “Kloop.kg”, 24.kg жана кабарчы Али Токтакуновго каршы жазган арызынын негизиндеги соттук отурум 2020-жылдын 20-январына жылдырылды.

Бүгүнкү соттук жарыянда Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова, арызданган тараптын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салды.

Ошондой эле судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырган.  Ал эми доочу тарап медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышкан.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй бүлөөсү 9-декбарда жогорудагы үч басылманы жана журналистти сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Свердлов райондук соту 10-декабрда басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Коомчулуктун талкуусунан кийин, Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>