Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов камакка алынды

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов камакка алынды

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, ал кечээ, 11-январда, кармалган.

Мунарбек Сайпидинов Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөн, айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылган жумуш менен пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө. 

Ошондой эле, УКМКдан Сайпидинов уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринде да күбө катары өтүп жаткандыгын кабарлашты.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.

Белгилей кетсек, буга чейын УКМК, Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Андан кийин айыл өкмөт башчылары видео кайрылуу жарыялашып, бул көрүнүштү куугунтук катары баалашкан.

Кийин  Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен  жолугушуп, ал анын ишин териштирүүгө убада бергенин айткан.

Аталган эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. Мунарбек Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>