Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов кызматынан убактылуу четтетилди

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов кызматынан убактылуу четтетилди

Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, ал тергөө жүрүп жаткан учурда тергөөчүнүн талабы менен кызматтан убактылуу алынган.

Сайпидинов – Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөн, айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылган жумуш менен пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө.

Ошондой эле, УКМКдан Сайпидинов уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринде да күбө катары өтүп жатканын кабарлашкан.

Анын баш коргоо чарасы кечээ, 13-январда Ош шаардык сотунда каралган.  Анда айыпталуучунун жашаган жери, өздүгү тууралуу так маалымат бар экенин жана ал өлкө казынасына келтирген  1 033 700 сом каражат толук төлөнгөнүн эске алып, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Үй камагына ылайык, Сайпидиновго саат 22:00дөн 06:00 саатка чейин жашаган жери Савай айылындагы үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>