Site icon Reporter.kg

Матраимовдун инилери дагы камалды

Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Исламбек жана Руслан Матраимовду 18-майга чейин камоо тууралуу чечим чыгарды.

Ушул эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимов бир айга камалды.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

Анын адвокаты Мамат Шаиев кылмыш иши 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу козголгонун айтты.

Exit mobile version