Матраимовдун жактоочусу үч басылманын банктык эсебин камактан чыгаруу үчүн арыз берди

Матраимовдун жактоочусу үч басылманын банктык эсебин камактан чыгаруу үчүн арыз берди

Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банктагы эсебин камактан чыгаруу боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз берди.

Бул тууралуу адвокат журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.

Карыжинская кошумчалагандай, басылмаларга жана журналист Али Токтакуновко коюлган  60 миллион сомдук доо кала берет.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декбарда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

Свердлов райондук соту 10-декабрда Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка кою боюнча Кыргызстандагы бардык банктарга аныктама берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>