Site icon Reporter.kg

Маяналар көтөрүлдү. Жылына бюджеттен канча каражат бөлүнөт?

Ушул жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулады.

Финансы министрлигинин Штаттык сан жана эмгек акы башкармалыгынын башчысы Иса Бакировдун маалыматына караганда, маяна үчүн 5 айга 7 млрд сом керектелет.

«Ал эми жылдык эсеби боюнча 16.8 млрд сом бөлүнөт», — деди Бакиров.

Министрликтин берген маалыматына караганда, 1-августтан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров айлык маянасы көтөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылуу жасаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version