Mbank Орусиядан акча которууну токтотту. Бул тууралуу банктын расмий баракчасында кабарланды.
16-августтан тарта орус банктары, анын ичинде Сбербанк, Тинкофф жана МТС аркылуу акча которуулар эки тарапка тең токтотулду.
«Бул кызмат убактылуу, белгисиз мөөнөткө чейин жеткиликсиз», — дейт Mbank.
Орусиядан акчаны санкция салынбаган банктар аркылуу которууга болот.
Белгилей кетсек, Орусиянын 94 банкы кара тизмеге киргизилген.
Андан тышкары, Mbankта 20-августка чейин түнкү саат 1ден 5ке чейин техникалык иштер жүрүп, ЭЛКАРТ, Visa, MasterCard төлөм системалары иштебейт, онлайн кызмат көрсөтүүлөр жана төлөм терминалдарында толуктоого, банкоматтардан накталай акча алууга болбойт.