Site icon Reporter.kg

Мечитке барганда кандай талаптарды сактоо керек? – Тизме

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттер менен  намазканаларга келгендер үчүн санитардык чараларды сактоо тууралуу эрежелерди иштеп чыкты.

Муфтияттын билдирүүдө айтылгандай, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3. Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

 Эске сала кетсек, Республикалык штаб мечиттер менен чиркөөлөрдүн  8-июндан тартып ачылышына уруксат берген.

Exit mobile version