Site icon Reporter.kg

Мечитте намаз окуп жаткан адамдын 35,3 миң сомун уурдоого шектүү кармалды (видео)

Ош облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-февралда милицияга 64 жаштагы тургун кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 13:30да Шарк айыл аймагындагы мечитке намаз окуганы кирген. Намаз окуп жатканда, белгисиз адам илгечте турган күрмөсүндөгү капчыктан паспорт, айдоочулук күбөлүгүн, банк карталарын жана акчаларын (150 доллар, 17 миң сом, 5 миң рубль жана 10 миң өзбек суму (жалпы 35,3 миң сомдон ашык акча — ред)  уурдап кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Р.И. аттуу жаран кармалган.

Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Exit mobile version