Site icon Reporter.kg

Мечитте намаз окуп жаткан жаран телефонун уурдатты

6-декабрь күнү Ленин районунун аймагындагы мечитте, саат 3.00дө намаз окууга кирген жарандын телефонун уурдап кетишти. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Жабырлануучунун айтымында, ал 16 миң сомго чыгымга учураган.

Кылмышка шектелип, 30 жаштагы Т.Д. кармалды. Ал уурдаган буюмду өз эрки менен милицияга өткөрүп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version