Site icon Reporter.kg

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болду

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Сатыев быйыл январь айынан бери Жогорку соттун судьясы болуп иштеп келе жаткан. Ал төрагалык кызматка 5 жылга дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин төрагалык кызматты Замирбек Базарбеков ээлеп келген. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 9-октябрда белгилүү болгон.

Exit mobile version