Медиа коомчулук партияларды сөз эркиндиги боюнча келишим түзүүгө чакырды

Медиа коомчулук партияларды сөз эркиндиги боюнча келишим түзүүгө чакырды

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү 21-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга кайрылышты. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди.

Аталган бирикме башында турган кайрылууга Кыргызстан журналисттеринин көз каранды эмес биримдиги, ИМП, «Медиа өнүгүү борбору» , «Контент-медиа» коомдук фонддору, Журналисттик иликтөөлөр фонду, 24.kg порталы, «Internews» уюму жана он чакты журналист кол койгон.

Анда парламенттик шайлоого аттанган партиялар демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик алышы керек экендиги белгиленген. Келишимди колдогон саясий партиялар сөз эркиндигин чектөөгө каршы туруп, Жогорку Кеңеште медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдардын сөз эркиндиги менен эркин ой билдирүү укугун чектебеши, адам укуктары, демократиянын эрежелери сакталышы үчүн болгон аракетин көрүшү керек экендиги айтылган.

Медиа коомчулук келишим түзүү тууралуу сунушка Кыргызстан эгемендик алгандан бери сөз эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандардын укуктарын мыйзам аркылуу чектөө боюнча аракеттерди негиз келтирген. Журналисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактардын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айланып баратканын билдирген.

Кайсы саясий партиялар бул келишимди колдой тургандыгы азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>