Медицина илиминин доктору: Бир айдан кийин 650 миң адамга коронавирус жугат

Медицина илиминин доктору: Бир айдан кийин 650 миң адамга коронавирус жугат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу медицина илимдеринин доктору, терапевт Эркин Жаманбаев өзунун “Фейсбук” баракчасына видео кайрылуу жүктөдү.

Кайрылуусунда ал жакынкы күндөрү эпидемиологиялык абал жакшырбай турганын, жана илдет менен күрөшүү үчүн өзүнүн сунуштарын айткан.

“Менин оюмча Кыргызстан эпидемия жайылуунун биринчи гана этабында турат. Учурда ооругандардын саны 50-60 миңдин тегерегин түзөт, алардын ичинен 2 миң бейтап ооруканаларга жайгаштырылган, 4 миңге жакыны үйлөрүндө дарыгердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат, калган бейтаптардын оорусу жеңил түр менен өтүп жатат.

COVID-19 илдетинин белгилүү болгон вируленттик жана контагиоздук (өтө жугуштуу) баскычтары жана социалдык байланыштан улам жакынкы эки жумада 50 миңди үчкө көбөйтүү менен 150 миңге жакын адам илдетке чалдыгат. Эки жумадан кийин ооруп калгандардын эң азын же 10 пайызын ооруканаларга жаткыруу керек – тагыраагы 15 миң бейтапты.

Бул 150 миң киши дагы эки жумада 450 миң кишиге жугузат, буга кошулуп ооруп жаткан 150 миң жана 50 миң киши болуп ооруганардын саны 650 миң кишиге жетет. Муну токтотуп калууга болот, бирок тажрыйбалуу медиктердин күчү, убактын жана жарандар менен өкмөттүн жардамы керек. Ошентип үч тараптын биргелешүүсү менен гана токтотууга болот”, — дейт Жаманбаев.

Жаманбаевдин айтымында бул инерциялык процесс, кандай гана чара көрбөйлү баары бир илдеттин күчү эң аз дегенде бир ай өкүм сүрөт.

 “Ушул жумада деле кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп кетпешин түшүнүп турабыз. Кыргызстанда жандандыруу койкаларынын саны ашып кетсе 200гө жакын. Бул койкалар азыркы абалды эске алсак эки эсе жетишсиздик кылат. Ал эми алдыдагы күтүлүп жаткан кырдаалга такыр эле жетишсиз болот. Эки жумадан кийин бизге 2 миңден ашык, андан кийин 3 миңге жакын койка керек болот”  —  деп белгиледи доктор.

Жаманбаев өлкө  1000-1500 жандандыруу койкалары бар, 15 миң орунду оорукана сала албай тургандыгын айтат.

“Эми эмне кылыш керек? Өкмөттөн көп нерсе үмүт кылуудан пайда жок. Медицина тармагыбыз алсырап турат. Медиктер дагы ооруп, моралдык жана физикалык жактан чарчашты, алардын дагы үй-бүлөсү бар, аларды, өздөрүн карашы керек. Анткени эпидемия мындан да күч алат. Менин оюмча, көпчүлүк буга чыдабайт – көбү өлөт, ооруйт. Чет мамлекетке дагы кетип кала алышпайт, чек аралар жабык жана акча жок. Гуманитардык жардам дагы аз келет, анткени биздин өкмөткө башкалардын ишеними аз жана эмне болуп жатканын көрүп турушат. Эгерде дарыгерлерди, жабдууларды, дары-дармектерди алып келген учурда дагы алар жетишпейт. Бул илдеттен аман калуунун жолу – ар ким муну өз алдынча ойлонуу”, – дейт Жаманбаев.

Доктордун божомолуна караганда, эки-үч жумадан кийин ыктыярчылардын саны азайышы мүмкүн.

“Эми эмне клыш керек болот? Эгерде окуя биз божомолдогондой өнүксө, бир жумадан кийин 500 миңге жакын, эки айдан кийин жарым миллионго жакын адам илдетке кабылып, алардын 5 пайызына жандандыруу кызматы талап кылынат. Албетте, мындайга шарттар жана мүмкүнчүлүктөр жок. Бул албетте, гуманитардык кыйроо. Мындай учурда жоопкерчиликти өзүбүз алып, өзүбүздү, жакындарыбызды кантип аман алып калууну ойлонуп, колубузда болгон каражат менен кантип илдетти  женүүнү үйрөнүшүбүз керек. Дагы жакшы 80-82 пайызы бул ооруну сезишпейт, анткени жеңил өтөт. Бирок 15 пайызы оор абалда ооруп, 5 пайызына жандандыруу кызматы керек болот”, — деди Жаманбаев.

Жаманбаев азыркы медицина кырдаалды көзөмөлдөй албай калды деп, илдет менен күрөшүгө жаңыча ыкма сунуш кылат.

“Жасала турчуу аракеттер чынында жөнөкөй жана логикалуу. Алар көптөгөн өлкөлөрдө жана тарыхый окуяларда иш жүзүндө тастыкталган.   Мен эмнени сунуштай аламын?  Айтайын дегеним экинчи дүйнөлүк согуш учурундагыдай санитардык аскерлердин экспресс курсу. Санитардык аскерлер бул –согуш майданында жаракат алган бейтаптарга, медициналык билими, эч кандай жабдуулары жана дары-дармектери жок жардамберген кызматкерлер”, — деп жыйынтыктады ал.

Кайрылуусунун соңунда Жаманбаев санитардык аскерлер эмнени билүүгө тийиш экендиги тууралуу дагы өз ойлору менен бөлүшөрүн айткан.

18-марттан 15-июлгачейин 11 миң 977 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 3660 адам ооруну жеңген, 160 адам каза болгон.

Ал эми март айынан бери пневмонияга 9204 адам чалдыккан. Алардын ичинен 3415  бейтап айыгып чыкса, 571 адам бол оорунун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>