Site icon Reporter.kg

Медицина жаатындагы студенттерге бюджеттик орундар көбөйдү

Медицина жаатындагы студенттерге бюджеттик орундар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талапты эске алуу менен, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүнгөн:

«Дарылоо иши» — 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» — 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» — 40, «Медайымдык иш»- 10 орун.
Ош мамлекеттик университети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» — 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» — 20, «Педиатрия» — 15 орун.
Ординатура боюнча бюджеттик орундар:
«Эпидемиология» — 30 орун;
«Инфекциялык оорулар» — 22 орун;
«Микробиология» — 30 орун;
«Реаниматология» — 26 орун.
Ошондой эле, 2020-2021- окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.
2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:
«Пульмонология» — 35 орун;
«Тез медициналык жардам» — 12 орун;
«Клиникалык лабораториялык диагностика» — 20 орун.

Exit mobile version