Медиктердин коргонуу процедураларына өзгөртүүлөр киргизилди

Медиктердин коргонуу процедураларына өзгөртүүлөр киргизилди

Саламаттык сактоо министрлиги медкызматкерлердин коргонуучу процедураларына өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

“Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө, медициналык кызматкерлердин кайрылууларын эске алып, COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан кызматкерлердин атайын коргонуучу процедураларын карап, аларга өзгөртүү киргизди.  Бул өзгөртүү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешмелерине да дал келет”, — деди Акматова.

Анын айтымында атайын тобокелчилик деңгээлдери бекитилди:

1) Эгерде курч вирустук респиратордук оорулардын симптомдору жок, чет өлкөгө барбаган, COVID-19 илдети менен ооругандар менен байланышта болбогон тобокелчилик деңгээли төмөн болгон биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, тактап айтканда: үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП кызматкерлери жана башка стационарда иштеген медкызматкерлер  атайын бир жолу колдонулуучу медициналык беткап кийиши зарыл.

2) Тобокелчилик деңгээли орточо болгон экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине оорунун симптомдору бар жарандар кайрылган учурда, төмөнкү каражаттарды колдонуусу зарыл: респиратор, коргоочу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргочуу костюм же бир жолу кийиле турган медициналык халат, чепчик, колкап жана алмаштырылуучу туюк бут кийим.

2) Тобокелчилик деңгээли жогору болгон, COVID-19 илдети менен ооруган же ага шектүү болгон бейтаптар менен иштеген медкызматкелер, ошондой эле обсервацияда, мобилдик бригадада, тез жардам кызматында иштегендер: FFP респираторлорун, коргоочу көз айнек, бетти калкалочу калкан, коргоочу костюм, бир жолу кийилүүчү медициналык халат узун жеңи менен, беткап, алмаштырылуучу туюк бут кийим анын үстүнөн бахила кийиши кажет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>