Site icon Reporter.kg

Медреседеги 14 жаштагы баланын өлүмү: Диний окуу жайдын иши убактылуу токтотулду

Ош облусунун Ноокат районунда 14 жаштагы баланын өлүмү менен коштолгон окуя болгон медресенин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов билдирди.

Жыйында депутат Бакытбек Марипов күзүндө Ноокаттагы медреседе эки бала чырдаша кетип, бири каза болгон окуяны эске салып, кимдерге чара көрүлгөнүн сурады.

Юсупов билдиргендей, бул окуяда каза тапкан 14 жаштагы бала медресеге дем салдырганы барып, ал жакта жүргөнүнө 3-4 күн болгон.

«Ал жерде 2-3 айдан бери окуп жүргөн бир окуучу (16 жаштагы өспүрүм — ред.) экөө түнкү 01:00дордо пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. Окуучу бала койдун жүнүн алган жуушаң кайчыны ыргытып жиберип, ал берки балага сайылып калып, каза болгон», — деди Юсупов

Депутат медресенин жетекилигине жана Ноокаттын имам-хатибине кандай чара көрүлгөнүн тактап сурады.

Юсуповдун айтымында, бул окуяга байланыштуу медресенин мүдүрү иштен четтетилген. Медресенин иши убактылуу токтотулган. Андан тышкары облус казысынын билим берүү боюнча орун басарына сөгүш жарыяландыган.

Эскерте кетсек, Ноокатта 6-октябрда түнүндө Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 16 жаштагы өспүрүм (М.М.) 14 жаштагы бала (Ш.Ф.) менен чырдаша кетип, аны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада 14 жаштагы бала алган жараатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Аны өлтүрүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм камакка алынган.

Муфтият маркум бала (Ш.Ф.) медреседе окубаганын, аны ата-энеси 3 күнгө дем салдырууга калтырып кеткенин билдирген.

Медреседеги окуя: Бычакталып каза болгон бала 3 саат кансырап жатканы айтылды, милиция төгүндөдү

 

Exit mobile version