Site icon Reporter.kg

Медреседеги окуя: Бычакталып каза болгон бала 3 саат кансырап жатканы айтылды, милиция төгүндөдү

Укук коргоо Азиза Абдирасулова Ноокаттагы медреседе бычак жеп каза болгон 14 жаштагы бала жараат алгандан кийин үч саат жабык бөлмөдө калгандыктан, көп кан жоготуп, убагында медициналык жардам ала албай көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, ал бала буга чейин муфтият билдиргендей медреседе дем салдыруу үчүн жүргөн эмес. 14 жаштагы өспүрүм 9-классты аяктай элек болгондуктан, медреседе расмий каттоосуз мыйзамсыз окуп жүргөн.

Каргашалуу окуя болгон түнү бала бычактан жараат алгандан кийин алар жаткан бөлмө сыртынан кулпулангандыктан, 3 сат бою сыртка чыга албай туруп калышкан. Ал арада бала көп кан жоготкон. Мындан улам балага убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй, тез жардам менен ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Ошол түнү балдардын жанында медресе кызматкерлеринен эч ким болгон эмес.

Укук коргоочунун бала 3 саат бою кансырап жатканы тууралуу билдирүүсү боюнча милицияга кайрылганыбызда, алар бул маалыматты төгүндөдү. Милиция билдиргендей, окуядан кийин тез жардам баланы дароо алып кеткен. Ал эми бала медреседе мыйзамсыз окуп жүргөнү тууралуу маалымат беришкен жок.

Ал эми муфтият укук коргоочунун билдирүүсү боюнча комментарий берген жок. Алар учурда жумушчу топ иштеп жатканын, окуя тууралуу түрдүү версиялар айтылып жатканын жана туура эмес маалымат берип албоо үчүн жумушчу топтун териштирүүсүнөн кийин маалымат беришерин айтышты.

Эскерте кетсек, 6-октябрда түнүндө Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 16 жаштагы өспүрүм (М.М.) 14 жаштагы бала (Ш.Ф.) менен чырдаша кетип, аны бычак менен сайып жиберген. Натыйжада 14 жаштагы бала алган жараатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Аны өлтүрүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм камакка алынган.

Анда муфтият маркум бала (Ш.Ф.) медреседе окубаганын, аны ата-энеси 3 күнгө дем салдырууга калтырып кеткенин билдирген.

Ноокаттагы медреседе эки өспүрүм бала чырдаша кетип, бири каза болду

Exit mobile version