Мээрбек Мискенбаев ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилди

Мээрбек Мискенбаев ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилди

11-октябрь күнү кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Репортёрго” билдирди.

Ал эми аны менен бирге кармалган Сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Белгилей кестек шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кайра кармалган.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков 11-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилген.

Буга чейин Башкы прокуратура башаламандык учурунда абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>