Site icon Reporter.kg

Мээримге 3 млн, Жоламанга 1,5 млн сом. Таласта Олимпиадада байге алган спортчулар сыйланды

Бүгүн, 22-августта Таластагы «Манас Ордо» комплексинде Олимпиада оюндарына катышкан жана байге алган спортчуларды, алардын машыктыруучуларын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Анын алкагында спортчулар менен машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара президенттин Таластагы өкүлчүлүгү тарабынан демилгеленип, Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы башкы демөөрчү болду. Ошондой эле Kyrgyz Logistics Services менен ADJI Service компаниялары демөөрчүлүк кылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.

100 миң сомдон баштап 3 млн сомго чейинки акчалай сыйлыктын сертификаттары 8 спортчуга, алардын биринчи жана жеке машыктыруучуларына, курама командалардын машыктыруучуларына тапшырылды.

Акчалай сыйлык алган спортчулар:

Акчалай сыйлык алган машыктыруучулар:

Андан тышкары боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна, балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулуна тулпар мингизилип, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызына зер буюмдар белекке берилди.

Exit mobile version