Site icon Reporter.kg

MEGA24 тиркемесин уникалдуу орнотуулардын саны 500 миңден ашты

2021-жылдын май айына карата Google Play дүкөнүнүн статистикасы боюнча, MEGA24 тиркемесин уникалдуу орнотуулар 500 миңден ашты. Колдонуучулар сервистин функцияларынын кенендиги, ыңгайлуулугу жана маалыматтуулугун канааттануу менен баалашууда. Мындан улам аталган тиркеме Кыргызстандагы мобилдик операторлор арасындагы эң көп жүктөлгөн тиркеме болду.

Жеке кабинет

«Жеке кабинетте» абоненттер өз алдынча төмөнкүлөрдү аткара алышат:

МегаПортал

Бул бөлүмдүн көп функционалдуулугу төмөнкүлөрдү аткарууга шарт түзөт:

Акциялар

Түрдүү акцияларга катышыңыз жана бонустарга ээ болуңуз. Азыркы тапта абоненттер «Бактылуу ачкыч» акциясына катышып, ийгилик сынынан өтүп, CAPSTROY KG курулуш компаниясы курган, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Ак-Марал 2» турак жай комплексинен 2 бөлмөлүү батир утуп алса болот. Баш байгеден тышкары акциянын катышуучуларын күн сайын жана апта сайын ойнотулуучу 4000 сомдон 300 000 сомго чейинки акчалай байгелер күтөт. Буга кошумча үй, батир же кеңсени оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө керектелүүчү белектер дагы утушка коюлган.

МегаАрзандатуулар

Эң кызыктуу арзандатуу тиркемелери өнөктөш-компаниялардан. Ал арзандатуулардан пайдалануу үчүн тиркемеден каалаган арзандатуу көлөмүн тандап, купон алып, аны ыңгайлуу учурда автивдештирүү жетиштүү.

MEGA24 – бардык зарыл нерселер бир тикемеде!

Exit mobile version