MegaCom өлкө боюнча 30 миң медикти акысыз байланыш менен камсыздады

MegaCom өлкө боюнча 30 миң медикти акысыз байланыш менен камсыздады


MegaCom мобилдик оператору 2020-жылдын июль айында өлкөдө COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан медициналык кызматкерлерге байланыш жаатында көрсөткөн жардамынын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо мекемелерин колдоонун алкагында 30 миң медицина кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыздады.

Компания медиктерди түйүн ичинде акысыз чалуулар, SMS, 40 ГБ интернет-трафик (убакытка жана көлөмгө карата бөлүнбөгөн) жана 30 күнгө түйүндөн тышкаркы чалууларга 100 мүнөт каралган “Здоровье” тарифтик планына кошкон.

MegaCom’дун буга чейинки эле абоненттери болгон медицина кызматкерлеринин номерин аталган тарифтик планга мобилдик оператор аларды кеңсеге чакырбай эле үйүнөн которду. Ал эми башка байланыш операторунун кызматын пайдаланып жүргөн медиктерге MegaCom “Здоровье” тарифтик планына кошулган SIM-карталарды берди.

“MegaCom компаниясы оор эпидемиологилык кырдаалда COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта кызмат кылган медиктерге ыраазычылык менен жардам көрсөтүүдө. Медицина кызматкерлери жакындары, жалпы жамааты, бейтаптар менен дайыма байланышта болуусу абдан маанилүү. Анткени жөнөкөй эле бир телефон чалуу менен бир адамдын өмүрүн куткарып калуу мүмкүн”, — деди акциянын жыйынтыгы боюнча “Альфа Телеком” ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Эске салсак, буга чейин MegaCom компаниясы телеберүүлөргө жана радиого жарнама берүүдөн баш тартып, ага чыгымдала турган каражатты коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоого зарыл болгон жабдыктарды сатып берген. Анын натыйжасында, Кыргызстандагы ооруканаларга жана стационарларга дем алдыруучу 50 кислороддук аппараттар берилди. Мындан тышкары байланыш оператору 118 чалуу-борборун акысыз байланыш менен жана 40 смартфон, обсервацияларды стационардык телефондор менен камсыздады.

MegaCom компаниясы бизнес коомчулугун өлкөдө кырдаал оор болуп жаткан учурда бейтаптардын сакаюусу үчүн медициналык мекемелерге жардам көрсөтүүгө чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>