Site icon Reporter.kg

MegaCom 4G LTE тармагынын кубаттуулугун жана жайылтуу аймагын кеңейтүүдө

Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaCom адаттагыдай эле Кыргызстан боюнча тармакты кеңейтүү иштерин улантууда. 2021-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн техникалык жумуштардын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын борборунда жана беш облусунда байланыш сапаты жакшыртылып 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү кеңейтилди.

Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кара-Суу, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош жана Токмок шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G’нын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топко жогорулатты. Төмөнкү айылдарда байланыш сапаты жана тармактын төртүнчү муундагы мобилдик интернетинин сапаты жакшыртылды:

Базалык станцияларды жакшыртуунун эсебинен Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Суу, Ноокат, Ош жана Токмок шаарларындагы 3G түйүнүнүн сигналы күчтөндүрүлдү. Ушундай эле жумуштар төмөнкү айылдарда аткарылды:

MegaCom’дун 2G түйүнүнүн базалык станциялары Балыкчы, Бишкек шаарларында, Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылында модернизацияланды.

Кошумча жабдыкты эксплуатацияга киргизүү менен 4G байланышына MegaCom’дун төмөнкү айылдарында жашаган жашоочулар жетки алышты:

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар төмөнкү айылдарга орнотулду:

Түйүн каптаган аймактар тууралуу маалыматтарды MegaCom’дун расмий сайтынан Интерактивдик картанын жардамы менен онлайн-режимде көрсө болот. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын сигналынын деңгээлин, ошондой эле 2G, 3G жана ыкчам 4G-каптамынын сигналынын деңгээлине оңой көзөмөл жүргүзсө болот.

Эске салсак, MegaCom’дун абоненттери түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү же күчтөндүрүү зарылчылыгы болгон калктуу аймактар боюнча каалоолорун *500 Байланыш-борбору менен байланышып билдирсе болот. Мындан тышкары +996 999 500 000 WhatsApp же Telegram номерлери аркылуу билдирүүгө мүмкүн.

 

 

Exit mobile version