Site icon Reporter.kg

MegaCom 4G LTE түйүнүнүн кубаттуулугун жогорулатып, камтуу аймагын кеңейтүүгө басым жасоодо

MegaCom компаниясы Кыргызстан боюнча тармакты активдүү өнүктүрүүнү улантууда. 2021-жылдын май-июнь айларында өткөрүлгөн техникалык жумуштардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 7 облусунда жана борбор шаарында байланыш сапаты жакшырып, 2G/3G/4G-түйүндөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү күчөдү.

Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Каракол, Кара-Суу, Кербен, Кызыл-Кыя, Нарын, Ноокат, Ош, Токмок, Өзгөн, Шопоков шаарларында жана шаар тибиндеги Кайыңды, Миң-Куш жана Шамалды-Сайга базалык станцияларды модернизациялоо менен 4G-түйүнүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү айтарлык деңгээлге жакшырды.

Төмөнкү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы интернеттин сапаты жогорулады:

Базалык станциялардын иштеринин аякташы менен Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Каракол, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Кочкор-Ата, Ноокат, Ош, Токмок, Өзгөн жана Шопоков шаарларында, шаар тибиндеги Кайыңды, Пристань-Пржевальск, Шамалды-Сайда 3G-сигналдары жакшырды:

Кара-Суу, Ош жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Бостери, Ош облусунун Учар айылдарында 2G-түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

Кошумча жабдыктарды эксплуатациялоо менен MegaCom’дун Жалал-Абад облусундагы Кара-Жыгач, Миң-Өрүк, Ташташ айылдарында жана Ош облусунун Алмалык, Кара-Таш айылдарындагы абоненттери 4G-түйүнүнө жетки алышты.

Тармак жайылган аймактар тууралуу маалыматты ал таратылган аймактардын интерактивдүү картасынын жардамында, онлайн режимде көрүүгө болот. Аталган карта аркылуу жакынкы базалык станциялардын сигналынын деңгээли, 2G, 3G жөнүндө жана ыкчам 4G-түйүнү тууралуу ыкчам маалымат алуу да мүмкүн.

Exit mobile version