MegaCom 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатууну улантып келет

MegaCom 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатууну улантып келет

MegaCom компаниясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча түйүндүн камтуу аймагын кеңейтип, байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча пландалган иштерин аткарууда.

2020-жылдын май айында жүргүзүлгөн техникалык иштер Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана республиканын борборунда байланыштын сапатын жакшыртып жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиетин жогорулатты.

Тактап айтканда, жабдыктарды модернизациялоо иштери төмөнкү калктуу пункттарда ишке ашырылды:

  • Бишкек шаарында;
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Үч-Коргон айылында;
  • Ош облусунун 15 Жаш, Арал, Кара-Дөбө, Отуз-Адыр, Фрунзе айылдарында, Ноокат жана Ош шаарларында;
  • Чүй облусунун Гавриловка, Петропавловка, Юрьевка айылдарында, ошондой эле Шопоков шаарында.

Кошумча жабдуу ишке киргизилгенден кийин 4G түйүнү жана жогорку ылдамдыктагы Интернети Чүй облусунун Кызыл-Арык жана Сын-Таш айылдарында жашаган MegaCom абоненттерине жеткиликтүү болуп калды.

Жакын жерде станциялардын сигналдарынын деңгээли, 2G, 3G түйүндөрүнүн жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнүнүн камтуу аймактары тууралуу маалыматты Интерактивдүү картанын жардамы менен билип турууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>