Site icon Reporter.kg

MegaCom 4G түйүнүн бүткүл Кыргызстан боюнча кеңейтет

MegaCom компаниясы бүткүл Кыргызстан боюнча түйүндү өнүктүрүүнү активдүү улантып келет. 2021-жылдын июль-сентябрь айлар аралыгында жүргүзүлгөн техникалык иштер Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жана борбор калаада 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүчтүк касиетин жана байланыш сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.

Балыкчы, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кант, Кара-Балта, Каракол, Кара-Суу, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Талас, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Айдаркен, Кадамжай, Кайыңды, Миң-Куш, Терек-Сай, Токтогул жана Чаувай шаар тибиндеги поселоктордо базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетин кыйла жогорулатты. Төмөнкү айылдарда дагы байланыш сапаты жана төртүнчү муундагы түйүндүн мобилдик интернети жакшыртылды:

Базалык станцияларды мыктылоонун арты менен Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында, Миң-Куш жана Чаувай шаар тибиндеги поселоктордо 3G сигналы жакшырды. Ошондой эле:

Бишкек, Ош, Токмок жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Бүргөндү, Нарын облусунун Ак-Кудук, Ош облусунун Кызыл-Абад, Кызыл-Сеңир, Маданият, Өзгөрүш, Чүй облусунун Беловодское, Военно-Антоновка, Лебединовка айылдарында 2G түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

Кошумча жабдууну эксплуатацияга берүү менен MegaCom’дун Кербен шаарында жана Токтогул шаар тибиндеги поселогунда жашаган абоненттери 4G байланыш түйүнүнөн колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле:

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Баткен облусунун СССРге 50 жыл, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата, Ысык-Көл облусунун Ала-Баш, Дөң-Талаа, Долон, Жаркынбаев, Жергез, Ичке-Жергез, Кайырма-Арык, Калкагар, Кароол-Дөбө, Кичи-Өрүктү, Коңур-Өлөң, Миң-Булак, Сары-Камыш жана Ош облусунун Кызыл-Абад, Октябрь айылдарында коюлду.

Ошондой эле, 2G стандартындагы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата айылында эксплуатацияга берилди.

Түйүндүн каптоо аймагы, жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, ошондой эле 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G каптамы тууралуу Интерактивдүү карта аркылуу онлайн режимде толугураак маалымат алууга болорун эскерте кетмекчибиз.

Exit mobile version