Site icon Reporter.kg

MegaCom Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларын онлайн-окутууну ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте дистанттык онлайн-билим берүү программаларын ишке киргизмекчи. Мындай кадам, өз кезегинде, өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдын шартында окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууга өбөлгө түзөт.

MegaCom компаниясы, КРдин калкына кам көргөн социалдык жооптуу ишкана катары, «Альфа Телеком» ЖАК менен КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда «Санарип мектеп» билим берүү долбоору боюнча кызматташтык тууралуу кол коюлган меморандумдун алкагында дистанттык билим берүү процессин ишке ашырууга көмөктөшөт.

Аталган демилгенин алкагында Mega24 тиркемесинде (Google PlayApp Store) мугалимдер жана окуучулар билим берүү контентине акысыз жетки ала алышат. Бул тиркеменин базасында санарип билим берүү контенти – видеосабактар, санарип окуу китептери жана башка зарыл материалдар (предметтер, класстар боюнча бөлүнгөн) кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жайгаштырылат.

MegaCom ЭлТР жана КТРК телеканалдарына видеконтент даярдоого да көмөк көрсөтмөкчү. Азыркы учурда «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы кеңсесинде республиканын мектеп окуучулары үчүн видео-сабактар тартылууда.

Мындан тышкары, киргизилген өзгөчө абалдын жана карантиндин учурунда «Альфа Телеком» ЖАК орто мектептердин педагогикалык курамын жана бардык класстардын окуучуларын Mega24 тиркемесине жана өлкөбүздүн билим берүү багытындагы Интернет-ресурстарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар тарифке кошулган SIM-карталар менен камсыздайт. Баланс жетишсиз болгон шартта да каалаган китепти же таап алууга же онлайн-сабакты көрүүгө болот.

MegaCom байланышына кошулган мугалимдер жана окуучулар үчүн кошумча бонустар да каралган:

Мугалимдерди жана окуучуларды SIM-карталар менен камсыздоодо MegaCom компаниясы тарабынан жооптуу адистердин тизмеси:

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Exit mobile version