Site icon Reporter.kg

MegaCom Бишкек ШИИББине жана шаардык мэриясына коопсуздук жаатында колдоо көрсөтөт

Заманбап санарип технологияны киргизүү боюнча мамлекеттин өнөктөшү болгон MegaCom мобилдик оператору компаниянын стратегияларынын ажырагыс бөлүгү болгон корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүүгө активдүү катышат.

Бүгүн, 2021-жылдын 9-сентябрында борбордук муниципалитетте Бишкек шаардык мэриясы, баш калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана «Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу иш чарасы өттү.

Тараптар видео көзөмөл системаларын орнотуу жана инфраструктура объектилерин модернизациялоо, анын ичинде борбор калаадагы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча долбоорду ишке ашырууну максат кылышты. Бул демилге Бишкек шаарындагы кылмыштуулуктун өсүүсүн төмөндөтүп, ошондой эле, шаардыктардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздайт.

Муну менен катар, Бишкек мэриясы жана шаардык ИИББи уюштуруу иштерине жоопкерчилик алып, инфраструктура үчүн көп функционалдуу объектилерди орнотуучу орундарды аныктоо иштери менен алектенишет. MegaCom компаниясы өз кезегинде, объектилерди орнотуу жана тургузуу, видеокөзөмөл системаларын байланыш менен камсыздоо, ошондой эле жабдуулардын андан аркы эксплуатациясын көзөмөлдөө иштерине жардам көрсөтөт.

Exit mobile version