Site icon Reporter.kg

MegaCom бүткүл Кыргызстан боюнча 4G түйүнүнүн каптоосун кеңейтти

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бүткүл Кыргызстан боюнча 2G/3G/4G түйүндөрүнүн каптоосун кеңейтүү жана оптимизациялоо боюнча пландалган иштерин улантууда.

2022-жылдын август, сентябрь айларында республиканын шаарларында жана айылдарында жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн жети облусунда тең мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатып жана байланыш сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Базар-Коргон, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Нарын, Ноокат, Орловка, Ош, Талас, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле:

Базар-Коргон, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Нарын, Ноокат, Орловка, Ош, Токмок, Өзгөн шаарларында, ошондой эле:

Муну менен катар, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Кургак-Көл, Күмүш-Азиз, Ош облусунун Маданият жана Чүй облусунун Новопавловка айылдарында 2G түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Шамалды-Сайда, ошондой эле:

 3G стандартындагы базалык станциялар:

2G стандартындагы базалык станция Ысык-Көл облусунун Каркыра айылына орнотулду.

Эсиңиздерге салабыз: түйүндүн каптоо аймагы жөнүндө маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан Түйүндүн каптоосу боюнча интерактивдүү картанын жардамы менен ар дайым онлайн режимде ала аласыздар. Картанын жардамы менен жакынкы станциянын сигналынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп, ошондой эле бүткүл Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүндөрүнүн каптоосу боюнча маалымат ала аласыздар.

Ошондой эле абоненттер түйүндү каптоосун жакшыртуу зарыл болгон калктуу аймактар боюнча маалыматтарын *500 номерлүү байланыш борборуна чалып же +996 999 500 000 номерине WhatsApp же Telegram аркылуу маалымдасаңыздар болот.

MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктары менен ар дайым кабардар болуп туруңуздар!

Биздин FacebookInstagramTwitter жана Telegram каналыбызга жазылыңыздар.

Exit mobile version