MegaCom eSIM- картасы Кыргызстандын жалпы аймагында жеткиликтүү

MegaCom eSIM- картасы Кыргызстандын жалпы аймагында жеткиликтүү

Жагымдуу жаңылык! Эми eSIM заманбап технологиясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча MegaCom компаниясынын аракеттеги жана келечектеги абоненттери үчүн жеткиликтүү болуп калды.

eSIM технологиясынын артыкчылыктары эмнеде?

Оңой: болгону QR-кодду сканерлеңиз;
Ылдам: түзмөктү ачуунун жана пластик SIM-карталарын алмаштыруунун зарылчылыгы жок;
Ыңгайлуу: экинчи номер менен бир симкалуу смартфондон да колдонууга болот;
Коопсуз: eSIM-картасын жоготуп алууга же бузуп алууга мүмкүн эмес.

Санарип SIM-картаны активдештирүү наркы болгону 100 сомду түзөт! #СуперЫңгайлуу түркүмүнүн бардык тарифтик пландары кошуу үчүн жеткиликтүү.

eSIM тууралуу толук маалыматты esim.megacom.kg расмий сайтынан жана *500 номери боюнча алууга болот.

Санарип SIM-картаны кошуу үчүн eSIM технологиясын колдогон түзмөктүн болушу зарыл.

Гаджеттердин үлгүлөрүнүн тизмеси:

iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max смартфондору;

Google Pixel 4, 4XL, 3XL смартфондору;

eSIM технологиясын колдогон башка түзмөктөр.
eSIM -картасын активдештирүүнү каалаган абоненттер MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Корпоративдик жана VIP-кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылып, уникалдуу QR-кодду алуусу керек. Бул кодду бир убакта бир гана гаджетте колдонууга болот.

МААНИЛҮҮ! Учурда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын эске алуу менен, MegaCom компаниясы өз абоненттерине «SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү» жаңы кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

SIM-карта жеткирип берүү кызматы бардык каалоочуларга көрсөтүлөт. Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары үчүн MegaCom компаниясынын расмий сайтында жайгаштырылган атайын форманы толтуруу жетиштүү.

Өлкөбүздүн башка аймактарынын жашоочулары 0558 775555 номери (MegaCom номерлеринен чалуу акысыз) аркылуу тапшырык кылса болот. Табыштамалар күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

SIM-карталарды жеткирип берүүнүн мөөнөттөрү жана географиясы, жана да жаңы кызматтын башка шарттары тууралуу толук маалымат шилтемесинде.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>