Site icon Reporter.kg

MegaCom Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү кызматын киргизди

Жарандарыбыздын ден соолугу, коопсуздугу мамлекет үчүн эң маанилүү болуп турган бул жагдайда MegaCom компаниясы өз абоненттерине кам көрүп келет. Уюлдук оператор «SIM-карталарды акысыз жеткирүү» жаңы кызматын ишке киргизди.Өзгөчө кырдаал учурунда абоненттер үчүн абдан ыңгайлуу кызмат болмокчу. SIM-карта каалагандардын баарына жеткирилип берилет.

SIM-карталарды жеткирип берүүнүн эрежелери:

Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары MegaCom расмий сайтыбызга жайгаштырылган атайын форманы толтуруу менен тапшырык кыла алышат, өлкөбүздүн башка аймактарынын жашоочулары 0558775555 номерине чалса болот. SIM-картаны тапшырык кылуунун мегаком абоненттери үчүн дагы бир артыкчылыгы-бул номерди тандоо мүмкүнчүлүгү.Компаниянын адистери Сиз менен байланышып, өзүңүзгө жаккан сандардан турган кооз номерди тандап беришет.

*Өкмөтүбүз тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөргө (карантин) жана жеңе алгыс күч жагдайларына байланыштуу MegaCom компаниясы абоненттик номерди алуунун жана топтомдорду кошуунун альтернативдик варианттарын сунуштоого же SIM- карталарды жеткирип берүүдөн баш тартууга укуктуу.

Exit mobile version