MegaCom мааракелик иш-чара өткөрүүдөн баш тартып, Бишкектеги №3 балдар ооруканасын оңдоп- түзөөгө колдоо көрсөтөт

MegaCom мааракелик иш-чара өткөрүүдөн баш тартып, Бишкектеги №3 балдар ооруканасын оңдоп- түзөөгө колдоо көрсөтөт

Мааракени белгилөөнүн көптөгөн жолдору бар. Мисалы, бир топ каражат жумшоо менен, көңүлдүү жана шаңдуу иш-чара, кече же концерт уюштурууга болот. Бирок MegaCom башкача чечим кабыл алды.

28-апрель − MegaCom компаниясынын түптөлгөн күнү жана уюлдук оператордун тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Компаниянын жамааты 15 жылдыктын урматына өткөрүлө турган мааракени белгилөөгө бөлүнгөн каражаттарын демөөрчүлүк жардам катары жумшоону чечти. Тактап айтканда, уюлдук оператордун эсебинен борбор калаабыздагы № 3-балдар ооруканасынын «Кулак, мурун жана тамак оорулары» бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул ооруканада мекенибиздин бардык аймактарынан келген кичинекей бейтаптар дарыланат. Оңдоп-түзөө жумуштары жакын арада башталмакчы.

«Биз келечек муунубуз болгон бөбөктөрдүн ден соолугуна кам көргөндүгү жана ооруканабыздын бөлүмдөрүнүн бирин оңдоп-түзөөгө колдоо крсөткөндүгү үчүн MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз», − деп белгилей кетти Бишкек шаарындагы №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов. − Биздин оорукананын жамааты MegaCom компаниясын 15 жылдык мааракеси менен куттуктайт. Компаниянын ар дайым алдыңкы катарда болушуна тилектешпиз, кызматкерлерине ден-соолук каалайбыз!»

MegaCom дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө боло тургандыгына, күч − биримдикте экендигине ишенет жана Кыргызстандын башка ири компанияларын да бул саамалыкты колдоого чакырат! Улуттун жана келечек муундун ден соолугу көңүл борборундагы маселе экендиги шексиз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>