MegaCom Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүн өткөрөт

MegaCom Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүн өткөрөт

MegaCom Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүн өткөрөт

2020-жылы биз Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Канчалаган эр-азаматтарыбыздын өмүрүнө тете болгон бул алааматта бир да үй-бүлө четте калган эмес… Демек, учурдагы өзгөчө абалдын эрежелерин сактоо менен, “Өлбөс-өчпөс полку”жүрүшүн улантат!

Тактап айтканда, биз өзүбүздүн абоненттерибизге өз чоң аталарынын, чоң апаларынын, аталарынын, агаларынын эрдиктери жөнүндө онлайн форматта баяндап берүүсүнө шарт түзөбүз. Баарыңыздарды «5-канал», «ЭлТР», «НТС», «Кыргызстан» жана «Санат» телеканалдарында онлайн-форматта өтө турган жүрүшкө чыгууга чакырабыз.

Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүнө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Google Play Marketꞌтен же App Storeꞌдон Mega24 тиркемесин көчүрүп алуу же жаңылоо;
  • «Портал» бөлүмүнө кирүү;
  • «Өлбөс-өчпөс полк» баннерин басуу;
  • нускама менен таанышуу.

Форманы толтуруу үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткаруу зарыл:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун бир сүрөтүн тиркөө (бардык функциялардын иштөөсү үчүн, Mega24 тиркемесин акыркы версияга чейин жаңылоо керек);
  • катышуучунун аты-жөнүн жазуу;
  • жайгаштырыла турган баяндаманы кошуу.

Биз согушта эрдик көрсөткөн баатырларыбыздын элесин түбөлүккө эсибизге сактайбыз жана аларга таазим кылабыз!

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>