MegaCom обсервацияларды акысыз байланыш − стационардык телефондор менен камсыздады

MegaCom обсервацияларды акысыз байланыш − стационардык телефондор менен камсыздады

MegaCom компаниясы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен бергеликте коронавируска шектелип обсервацияларда жаткан жарандарды жана аларды дарылап карап жаткан дарыгерлерди колдоо максатында карантин жайларын 5 стационардык телефон менен камсыздады.

Алардын жардамы менен карантинде жаткан бейтаптар жана медицина кызматкерлери MegaCom түйүнүнүн ичинде 5 мүнөткө чейинки акысыз чалууларды аткарып жана келип түшкөн чалууларды чектөөсүз кабыл ала алышат.

Ошондой эле бул телефондордо КРдагы башка операторлордун номерлерин колдонгон жакындарыңыз кайра чалышы үчүн коңгуроо кылуу (маяк берүү) функциясы да бар.

«Эпидемиялык оор абалга байланыштуу MegaCom компаниясы обсервациялардагы медицина кызматкерлерин жана жарандарды байланыш менен камсыздоо чечимин кабыл алды. Биз абоненттерибизди баалайбыз жана бекем ден соолук каалайбыз», — деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>