Site icon Reporter.kg

MegaCom: «Окуучу» акысыз интернет топтому – бул үйдөн чыкпастан эле билим алуу жана бош убакытты кызыктуу өткөрүү

Эртеңден баштап, тактап айтканда, 8-апрелден тарта орто мектептерде IV чейрек башталат. Бул чейректе окуу программасын үйрөтүү кадимки сабактардан айырмаланат. Өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки бардык мектеп окуучулары аралыктан (дистанттык) билим алуу формасында окуй башташат.

Ушуга байланыштуу MegaCom мектеп окуучулары үчүн мыкты сунушту – «Окуучу» акысыз кошумча топтомун ишке киргизди. Өлкөбүздүн мектеп окуучулары бул топтомду кошуп алуу менен, MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө жайгаштырылган билим берүү мүнөзүндөгү онлайн-ресурстарды акысыз колдоно алышат! Бул бөлүмдө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин контенти гана эмес, MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон электрондук китептер, видеосабактар жана башка атайын окуу материалдары да бар жана алардын бардыгы аралыктан билим алуу үчүн ыңгайлуу. MEGA24 тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

«Окуучу» топтому өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

Эртеңки келечек ээлери болгон жаштарыбыз таланттуу жана заман талабына ылайык ар тараптуу өнүгүүгө умтулуп келишет. Өкмөтүбүз тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу миңдеген жаштарыбыз үйдөн чыкпастан, көп убактысын Интернет айдыңында өткөрүүдө. Уюлдук оператор мектеп окуучуларынын каалоолорун жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, карантин маалында бош убактыларын кызыктуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берди. Эми алар окуудан тышкары болгон учурларда сүйүктүү оюндарына жана тиркемелерине акысыз кире алышат.

Карантин маалында балдар үчүн төмөнкү сервистер АКЫСЫЗ:

  1. PUBG Mobile;
  2. Garena FreeFire;
  3. BrawlStars;
  4. World of Tanks Blitz;
  5. Dota 2 Underlods;
  6. Clash of Clans.

«Окуучу» топтомун кантип кошуп алууга болот?

Акысыз топтомду кошуп алууда MegaCom SIM-картасынын болгондугу жетиштүү жана телефон номерин класс жетекчиге жөнөтүп коюу керек. Курч эпидемиологиялык кырдаалга жана көчөгө чыгууга коюлган чектөөлөргө байланыштуу, компания убактылуу бардык окуучуларга SIM-карталарды жеткирип бере албайт. Бирок кам санабай эле коюңуз! SIM-карталар Сизге жакын жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрүндө, дүкөнчөлөрдө жана MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда бар.

Эскертүү: Чет өлкөлөрдун байланыш операторлорунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, азыркы муундагы уюлдук операторлор массалык онлайн-сабактарды өткөрүүгө жана ири масштабдагы видеоконференцбайланышты колдонууга даяр эмес. MegaCom компаниясы аралыктан окутуу үчүн WhatsApp мессенжерин колдонууну сунуштайт. Анын башкы артыкчылыгы – бардык мугалимдердин жана окуучулардын аны колдоно билгендигинде. Атайын даярдыгы бар класстар Google Classroom сервисин колдонсо болот. Аталган сервис колдонуу ыкмасын туура өздөштүрүп алгандар үчүн абдан натыйжалуу. MEGA24 тиркемеси мугалимдин сунуштамасы боюнча тандалган видеосабактарды, электрондук китептерди жана башка окуу материалдарды окуучунун өз алдынча үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу.

Exit mobile version