MegaCom’дун абоненттери үчүн акысыз кеңеш берүү

MegaCom’дун абоненттери үчүн акысыз кеңеш берүү

MegaCom компаниясы калкты колдоо максатында абоненттердин COVID-19 инфекциясы боюнча жаралган суроолоруна жооп алуусу үчүн 5070 тынымсыз байланыш номерине акысыз чалуу кызматын ишке киргизет. 

Колл-борбордун операторлору Коронавирус инфекциясы менен жабыркап калган жарандарга медициналык кеңеш берүүгө дайым даяр. Борбордун демилгечилери жана кеңеш берүүчүлөрү —  Кыргыз улуттук медициналык академиясынын студенттери жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин психолог-магистранттарынан турган ыктыярчылар тобу. Тынымсыз байланыш номеринин иштөө мөөнөтү – күн сайын, саат 08:00дөн 20:00гө чейин.

Көп каналдуу номерге чалуу кызматы тейлөөнүн формасына, тарифтик планына жана башкага карабастан, MegaCom’дун бардык абоненттери үчүн акысыз! Тынымсыз байланыш кызматынын өнөктөшү «Дос Нэтворк Консалтэнси энд Сервисес КейДжи» ЖЧКсы болуп саналат.

5070 номери аркылуу MegaCom’дун абоненттерине көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси:

∙                   COVID-19дун жеңил түрү менен ооруган бейтаптарга телефон аркылуу кеңеш берүү;

∙                    коронавирус инфекциясы жөнүндө жана анын жайылышынын алдын алуу боюнча маалыматтарды берүү;

∙                    вирус жуктуруп алган бейтаптарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө үй шартында кам көрүү боюнча кеңеш берүү;

∙                    үй-бүлө мүчөлөрүнө инфекцияны жайылтпоо үчүн үйдөгү обочолонуунун эрежелери менен абоненттерди тааныштыруу;

∙                    COVID-19 инфекциясынын белгилери билинген жарандарга тест тапшыруу үчүн лаборатория издөөдө жардам берүү;

∙                    Илдеттин белгилери аныкталган жарандарга оорукана/стационарларды табууга көмөк көрсөтүү;

∙                    Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине жана ыктыярчыларга психологиялык колдоо көрсөтүү.

Квалификациялык медициналык кеңеш берүү ден соолукту сактоого жана бекем болушуна чоң жардам берерин эске тутуу маанилүү!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>