Site icon Reporter.kg

MegaPay аркылуу чектерди сканерле жана Ысык-Көлдөн батир утуп ал


MegaCom компаниясы MegaPay мобилдик капчыгын колдонуучулардын арасында «Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» шыктандыруучу лотереясын өткөрүүнү улантат. Кезекте – лотереянын төртүнчү этабы, ал 10-июлда саат 18:00дө өткөрүлөт.

MegaCom абоненттери үчүн 200дөн ашык баалуу байгелер, анын ичинен баш байге катары «Альфа Телеком» ЖАКтын өнөктөшү «Оргтехстрой» курулуш компаниясына таандык Ысык-Көлдө жайгашкан «LAZURIT» турак жай комплексинен батир ойнотула тургандыгын эсиңиздерге сала кетели. Төмөнкүдөй байгелер да бар:

Байге ээлери кокустан тандоо генераторунун жардамы менен аныкталат.

«Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясы мамлекеттик санариптик кызматтарды калк арасында жайылтууга багытталып, MegaCom компаниясынын Мамлекеттик салык инспекциясы менен болгон тыгыз иштешүүсүнүн жыйынтыгы болгон «Чекти талап кыл» функциясынын жардамы менен ишке ашырылууда.

Лотереяга катышуу үчүн эмнелер талап кылынат:

«Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясы ушул жылдын 30-ноябрына чейин уланат. «Оргтехстрой» компаниясынын «LAZURIT» турак жай комплексиндеги батири ойнотулуучу «Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясынын жыйынтыктоочу утуш оюну 2020-жылдын 11-декабрында өткөрүлмөкчү.

Лотерея тууралуу толук маалыматты MegaPay мобилдик тиркемесинен, MegaCom Компаниясынын расмий сайтынан жана *500 номерине чалып билсеңиз болот.

Чектерди MegaPay аркылуу сканерлеңиз, төлөмдөрдү жүргүзүп, упайларды топтоңуз. Эсиңизден чыгарбаңыз! Купондоруңуздун саны канчалык көп болсо, мыкты байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот!

Exit mobile version