Site icon Reporter.kg

MegaPay жана MegaCom’дун терминалдары аркылуу Баткен элине 3,6 миллион сом топтолду

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Баткен облусунун жашоочуларына дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр жана жабыркаган мекендештерибиз эртерээк айыгып кетишине тилектеш. Аймакта тез аранын ичинде тынчтык орносун деп тилек кылабыз. Баткен облусунун тургундарына кайдыгер карабай, жардам берген жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиребиз.

16-сентябрда MegaCom компаниясы Баткен облусундагы кагылышууда жаракат алган жана эвакуацияланган мекендештерге жардам берүү максатында акча каражатын топтоону жарыялаган.

Алты күн ичинде, 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин миң кайрымдуу, мекенчил жарандарыбыздан MegaCom терминалдары жана MegaPay тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай коомунун атайын эсебине жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 3 610 346 сом чогулду.

Анын ичинде:

Чек ара аймактарындагы кагылышуунун кесепеттери али калыбына келтириле элек, жашоочулары коомчулуктун жардамына муктаж. Эсиңиздерге салсак, ар бириңиздер оор күнгө кабылган мекендештерибизге MegaCom’дун Кыргызстандын бардык аймактарында орнотулган терминалдар аркылуу же MegaPay тиркемесин колдонуу менен жардам бере аласыздар.

MegaPay аркылуу акчаны кантип которуу керек?

Баткенди биргеликте колдойбуз!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version