Мехико шаарындагы көпүрөнүн кыйрашы 20 адамдын өмүрүн алды

Мехико шаарындагы көпүрөнүн кыйрашы 20 адамдын өмүрүн алды

Мексиканын Мехико шаарынын мэри Клаудия Шейнбаум метро көпүрөсүнүн кыйроосунан 20 адам каза болгонун тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жарандык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 49 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле азыркы тапта куткаруу иштери уланууда. Алгач 13 адам каза болуп, 70ке жакын адам жаракат алгандыгы айтылган.

Белгилей кетсек, Мехико метрополитени Түндүк Америкадагы эң ири метролордун бири.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>