Site icon Reporter.kg

«Мейкин» сыйлыгы: Президент 10 журналистке 1 млн сомдон тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда журналистика жаатындагы «Мейкин» сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомдон тапшырды.

Акчалай сыйлыкты сынакка катышкан журналисттердин арасынан жеңүүчү атанган 10 киши алды. Сынактын жалпы байге фонду 10 млн сом болду.

Иш-чара борбор калаадагы Опера жана балет театрында өттү.

1 млн сомдон уткан журналисттер:

  1. «Бир эл – бир түндүк» номинациясы – УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
  2. «Керемет Кыргызстан» номинациясы – ЭлТРдин кызматкери Аскар Маратов;
  3. «Салык – өнүгүүгө салым» номинациясы – «Акчабар» каржы порталынын башкы редактору Мария Индина;
  4. «Билим – келечек» номинациясы – «Кутбилим» гезитинин редакциясы;
  5.  «Куттуу элет» номинациясы – УТРК Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева;
  6. «Мекен жана мен» номинациясы – «Мир» телеканалынын кабарчысы Аида Аматбекова;
  7. «Мекендештер» номинациясы – Ютуб блогер Дооронбек Адаханов;
  8. «Кыргызстанда иштеп чыгарылган» номинациясы – ЭлТРдин кабарчысы Рахат Кыдыртокоева;
  9. «Сергек жашоо» номинациясы – «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина;
  10. «Таза Мекен» номинациясы – эркин журналист Улан Эшматов.
Exit mobile version