Site icon Reporter.kg

«Мейкин» сыйлыгын алууга талапкерлердин кыска тизмеси аныкталды

Президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы талапкерлердин кыска тизмесин аныктады.

Өкмөттүн маалыматы кызматы билдиргендей, журналистика коомчулугунун өкүлдөрүнөн, коомдук ишмерлерден жана медиа эксперттерден турган комиссия сыйлыкка сунушталган 150дөн ашык талапкердин арасынан кылдаттык менен татыктуусун тандап алды.

Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан 2 (эки) гана өкүл кирген, калган 9 (тогуз) адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынын өкүлдөрү кирген.

«Комиссиянын мындай курамы талапкерлерди аныктоодо максималдуу калыстыкты жана айкындуулукту камсыз кылды», — деп айтылат маалыматта.

Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, «Мейкин» сыйлыгы салттуу журналистиканын беделин бекемдөө жана анын өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.

«Мейкин» сыйлыгынын номинациялары:

  1. «Бир эл – бир түндүк»;
  2. «Керемет Кыргызстан»;
  3. «Салык – өнүгүүгө салым»;
  4. «Таза Мекен»;
  5. «Билим – келечек»;
  6. «Куттуу элет»;
  7. «Мекен жана мен»;
  8. «Мекендештер»;
  9. «Кыргызстанда иштеп чыгарылган» (Made in KG);
  10. «Сергек жашоо».
Exit mobile version